Чыгыш Үзөңгү-Кууш мөңгүсү

Чыгыш Үзөңгү-Кууш мөңгүсүКакшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Үзөңгүкууш суусунун алабында. Уз. 6,7 км, аянты 17–27 13,3 км2, а. и. абляция облусунун аянты 4,1 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 4300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4670 м. Өрөөнүнүн жазылыгы 600 мден 1,5–2,0 кмге чейин. Мөңгүнүн жогорку бөлүгү туш тарапка багытталган фирн бассейнинде үч салаага бөлүнөт. Үч фирн агымы 4670 м бийиктикте эни 2 км келген жайык оёңдун таманында кошулат. Мөңгүнүн бети (цирктин арткы капталынан башкасы) кулаган таштар м-н чаңдардан киргил тартып турат. Кар чегинен төмөн карай туурасынан кеткен жаракалар көп. «Тилинин» бетинде эки тилке болуп ортоңку морена жатат, алар этек ченде каптал мореналарга биригет. Мөңгүдөн Үзөңгүкууштун бир куймасы башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2