Чыйырчыктар (Stumidae) - канаттуулардын сайрагыч таранчылар тукуму.

Уз. 18-43 см. Тумшугу түз, учтуу. Буту күчтүү. Жүнү жылтылдап кулпунуп турат. 36 уруусу, 104-111 түрү чыгыш жарым шардын тропик жана субтропиктеринде таралган. Көбүнчө токой дарактарында, кээ бири талаа жана жарым чөлдө жашайт. Көп түрүнүн эркектери жакшы сайрайт, айрымдары үндү туурайт. Дарак коңулдарына, ийиндерге, үйдүн чатырына же таш алдына уялап, 2-9 жумуртка тууп,14-25 күн басып чыгарат, балапандары 3 жумадан кийин учуп кетет. КМШ өлкөлөрүндө 6 уруусу, 8 түрү, Кыргызстанда 2 түрү кезигет, а. и. 6 түрү уялайт. Азык ылгабайт, көбүнчө ар кандай майда омурткасыздар, курт-кумурска, мөмө-жемиштер менен азыктанат. Келгин куштар. Карачыйырчык зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылгандыктан, атайын жасалган уяларга да байырлаштырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4