Чыкта – кулунду желеге байлоодо нокто менен желени бириктирүүчү тээктүү жип. Ал кулунду желеге байлоо же агытуу ишин жеңилдетет. Койдун кылчык жүнүнө жылкынын кылы кошо эшилген бышык жиптен жасалат.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.