"Чымчык үнү" (англ. Birdsong) — Себастьян Фолкстун 1993-жылы жазылган согуштук романы. Бул чыгарма Фолкстун төртүнчү романы катары эсептелинет. Романдын окуясы эки башка заманда жашаган каармандардын турмушун баяндайт. Стивен Рейсфорд - Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Амьен майданында кызмат кылган британиялык аскери, жана анын небереси Элизабет Бенсон, чоң атасы жөнүндө болгон маалымат топтоп, анын согуш учурундагы жашоосун түшүнүүгө аракет кылат.

Роман, коомчулуктун Биринчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган. Сынчылардын көбү чыгарманы ийгиликтүү деп табат, анткени ал, Биринчи дүйнөлүк согушу жөнүндө жазылган башка романдар сыяктуу эле эң негизги болгон адамдын психикалык травма темасын чагылдырган. Мындан тышкары, бир заматта эки заманды тең коштогон роман, документациялоо жана өткөн окуяларды кайрадан жандандыруу маселелерин изилдейт. Жанры, тематикасы жана жазуу стили боюнча роман, Иэн Макүэндин "Өз жазасын тартуу учур" (англ. Atonement) жана Пэт Баркердин "Кайра жаралуу" (англ. Regeneration Trilogy) сыяктуу романдарга салыштырылган.

"Чымчык үнү" Себастьян Фолкстун "The Girl at the Lion d'Or" (англ. The Girl at the Lion d'Or) жана "Шарлотта Грей" (англ. Charlotte Gray) романдары менен бирге эркин үчилтигин түзөт. Сынчылар жана коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган "Чымчык үнү" романы Фолкстун эң мыкты чыгармасы болуп эсептелинет. 2003-жылы, Би-би-синин Big Read аттуу сурамжылоосу боюнча роман, Британиянын фаворит китептеринин тизмесинде 13-орунду ээлеген. Радио (1997), сахна (2010) жана телекөрсөтүү (2012) үчүн роман бирдей аталыштын астында үч жолу адаптацияланган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү