Чыны уулу Көкүмбай (19-кылымдын 2-жарымы — 1934/35) — Жумгал өрөөнүндө эл башкарган манап. Чоң аталары Медет датка, Дуулат, атасы Чыны — чоң манаптардан болушкан.
Көкүмбай кыргыз эли орус мамлекетине карагандан кийинки мезгилдерде бир нече жолу болуш болуп шайланган.
1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө Жумгалдын чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп, хан көтөрүлгөн.
Орус жазалоочу аскеринен качып, Кытайга барган, 1918-ж. кайтып келген.
1920-жылдардын акырында бай-манаптын өкүлү катары камалып, Фрунзеде каза болгон.

Булактар

түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003