Чырак, электр жарык, электр лампа, чырагдан, шам чырак — бөлмөнү, имаратты, ачык жайды, атайын аянттарды, айрым нерселерди жарык кылуучу буюм.

Көмүр жип коюлган (солдо) жана флуоресценциялык (оңдо) электр лампалары күйүп турат

Адам баласы адегенде, палеолит доорунда чыракдан май куюлуучу, тулкусунун ичи чуңкур таштардан, ал эми энеолит доорунда чоподон жасалган. Кийин ичи көңдөй идиш сымал жана жогору жагында (май куя турган жана билик өткөрүүгө ылайыкталган) 2 тешиги бар. Чырак пайда болгон Байыркы Греция менен Римде зайтун майы куюлган чопо жана коло чырак урунулган. Кыргыздар мурда сөөк, чопо, кийин калдыркан темир, колодон жасалган чырактарды колдонушкан. Керосин пайда болгонго чейин анын ордуна сызгырылган май колдонулган. Бара-бара чырак жөнөкөй май чырактан азыркы электр чыракка чейин өзгөрдү.

Азыркы чырак жарык кылуу арматурасынан турат. Жарык техникасы, техникалык, экономикалык, эстетикалык жана монтаждоо эксплуатациялык талаптарга жооп берет. Коопсуз жана ишенимдүү абалда иштейт. Ал жалпы жана айрым жерлерди жарык кылуучу болуп айырмаланат. Асма, шыпка, дубалга орнотулма, столго, полго коюлма ж.б болуп бөлүнөт. Чаңдан жана нымдан корголушу боюнча ачык тосмолуу, чаң жана суу өтпөс, жылчыксыз ж.б. болуп айырмаланат. Көркөмдүк жагынан баалуу өзгөчө чырактар сувенир катары да даярдалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.