Чырчык, чыйырчык - Батыш ТеңирТоодогу дарыя. Сыр-Дарыянын он куймасы.

Ташкент облусунда Чаткал менен Пскем сууларынын кошулушунан түзүлөт. Уз. 155 км, алабынын аянты 14,9 мин км2. Агымы Чарбак ГЭСинин суу сактагычы менен жөнгө салынат. Орточо чыгымы жогорку агымында 221 м3/сек. Чырчыктан сугат каналдары башталат. Чырчыкта жана анын каналдарында ГЭС каскады бар. Өрөөнүндө Газалкент, Чырчык, Ташкент ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4