Чытты өрөөнү - Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы өрөөн, табигый кооз жер. Жазы суусунун оң куймасы Чыттынын алабында, деңиз деңгээлинин бийиктиги 1880– 3640 м. Рельефи эрозия-денудациялык орто бийиктиктеги тоо-өрөөн тибине кирет. Өрөөндүн ичи кууш, түндүк-батышта Байбиче, Капкан тоолору, түштүк-чыгышта Агатан, Коңурдөбө, Арчалы тоолору өрөөндү куушуруп келип, тар капчыгайларды (Тайгак, Ташмечит, Текеуюк жана башка) түзөт. Бир аз жайык (100–150 мге чейин) жерлери да (Соболоң, Арчалытөрдүн чаты) бар. Аймактын ылдыйкы түштүк-батыш тарабы силурдун серициттүү сланец, акиташ, мрамор жана башка тектеринен, Фергана тоо тизмегине жакын жаткан көп жери юра мезгилинин алевролит, сланец, кумдук, конгломерат жана башка тектеринен турат. Чыттынын алабы жаан-чачындуу келип, кышкысын кар калың түшөт. Чытты суусунун узундугу 17 км; 13 майда куймасы бар, алардын жалпы узундугу 54 кмден ашпайт. Ландшафтында токой-бадалдуу шалбаа (карагай, арча, итмурун, долоно, четин жана башка), 3000 мден жогору субальп, альп шалбаасы мүнөздүү. Өзөндүн оң жээгинде, Жетим-Булактын чатынан ылдый деңиз деңгээлинен 2420 м бийиктикте 13–15-кылымга таандык археологиялык эстелик (таш коргон) бар. Бул кербен сарайды Чыттыкоргон, кээде Ташмечит дешет. Жанында Соболоңата деген эски мазар бар. Чыттыны бойлой кербен жол өткөн. Кербен сарайдын айланасы соода-сатык базар болгон. Ошондо бул жер Чытты базар атыккан. Аймактын кооз табияты, жагымдуу климаты, тарыхый эстеликтери рекреация үчүн мааниси зор. Өрөөндүн төрүнө чейин автомобиль жолу барат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү