Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Диаметри 1—3 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бирден чүкөлөрдү катарга тизип коюшат. Андан кийин оюнчулар чүкө өкчөшүп оюндун кезегин аныкташат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким кезеги келгенде, бирден сакалары менен тизилген чүкөлөрдү уруп тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Тегеректен чүкөнү уруп чыгарган оюнчу, ал чүкөнү утуп алып кайрадан жаңылгыча оюнду кезексиз улантат. Качан жанылса оюндун кезеги, кезектеги адамга өтөт. Тегеректеги чүкөлөр калса, оюнчулар оюнду кайрадан башташат, Оюн каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Тегерек сызыкты тепсеп атууга, оюндун кезегин бузууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөргө тийүү болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлчү жер тегиз, болушу керек.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч, ийилчээк тикке тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, таамай мээлөөгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү