Чөкмө кендер - чөгүндүлөрдүн топтолуу процессинен суу түбүндө топтолгон кендер. Пайда болгон орду боюнча дарыя, саз, көл, деңиз жана океан Чөкмө кендерине бөлүнөт.

Алардын акыркы экөөсү ири аянтты ээлеп, платформалык (континенттик) жана геосинклиналдык болуп ажыратылат. Чөкмө кендер чөгүндүлөрдүн топтолуу шартына жараша 4 класска бөлүнөт:

1) механикалык Чөкмө кендер - негизинен курулуш материалы болуп эсептелген тоо тек сыныктарынын, үбөлөндүлөрүнүн чөгүндүсү (шагыл, кум жана чопо). Андан сырткары, дарыя жана деңиз менен океандын жээктериндеги алтындын, платинанын, алмаздын, титан минералдарынын, калайдын, вольфрамдын ж. б. чачынды кендери да ушул топко кирет;

2) химиялык Чөкмө кендер эритиндилердин чөгүшүнөн топтолот. Ага туз, гипс, ангидрит, борат, барит кендери, темир, маргенец, алюминий кенташтары, ошондой эле айрым түстүү жана сейрек металлдар (жез, молибден, ванадий, уран) да кирет;

3) биохимиялык Чөкмө кендер нефть, газ, көмүр, фосфориттер, карбонаттуу жана кремнийлүү тектерди камтыйт;

4) жанартоо Чөкмө кендер суу астындагы жана жээктеги вулканизм продуктусунун чөгүндүлөрүнөн топтолот. Мис., түстүү металлдардын кенташтарынын колчедандуу кендери, темир жана маргенец кенташтарынын кычкылтектүү кендери, яшма жана кварциттер.

Чөкмө кендер минералдык курамы боюнча үч топко бөлүнөт: 1) материктерден шиленип келген, үбөлөнүү процессине туруктуу минералдар (кварц, рутил, айрым учурда талаа шпаттары, пироксендер, амфиболдор, слюдалар ж. б.); 2) химиялык үбөлөнүүдөн пайда болгон минералдар (каолинит, монтмориллонит, гидрослюда, опал, гидрокычкылдар, Fe жана Мп ж. б.); 3) жаңы пайда болгон чөкмө минералдар (карбонаттар, туздар, фосфаттар, кенташ минералдары, кремний продуктулары, углеводород бирикмелери ж. б.). Чөкмө тектердин жана ага байланыштуу топтолгон Ч. к-дин калыптануусу литогенездин 3 стадиясын басып өтөт. Алгач седиментогенезде кургактыктан агып, шиленип келген үбөлөндү материалдар, эритиндилер жана жанартоо продуктусу чөгөт. Андан кийинки диагенезде чөгүндүлөр басырылып, ныкталат жана арасындагы көңдөй сууларынын таасиринен химиялык курамы текшиленет. Акыркы катагенез стадиясында химиялык-минералдык курамы калыптанып бүтөт жана литификацияланат (ташка айланат). Жердин климаттына жараша түрдүү Чөкмө кендер калыптанган. Геол. өткөн доорлордун гумиддик шартында көмүрдүн, бокситтин кендери, темирдин жана марганецтин кенташтары, платформадагы фосфориттер, акиташ пайда болгон. Ариддик шартта таш тузу, калий жана магний туздары, гипс, деңиздик фосфорит, доломит кендери, ал эми муз доорлорунда курулуш материалдары топтолгон. Жердин чөкмө катмарынын калыптануу тарыхында Ч. к-дин кыска мезгилдүү массалык топтолуу жана узакка созулган аз топтолуу мезгилдери кезектешип кайталанган. Геол. циклдин башталышында темирдин, марганецтин жана алюминийдин кенташтары, фосфориттер пайда болгон. Алардын булагы болуп базальт магматизминин продуктусу же ал циклге чейин калыптанган үбөлөндү кыртыш эеептелет. Чөкмө тоггголуу ритминин башталышында ири механикалык чөкмө (конгломерат, кум), күчөп турган мезгилинде чопо топтолгон. Деңиз алаптары туруктуу кезинде негизинен карбонаттуу жана кремнийлүү тектер калыптанган. Көмүр, туз жана гипс негизинен, геологиялык циклдин акыркы, б. а. деңиздердин регрессия мезгилинде пайда болот. Чөкмө кендер белгилүү бир стратигр. абалда, кабат же линза түрүндө, кошо пайда болгон чөкмө тектердин арасында жайгашат. Айрым учурда Чөкмө кендер метаморфизмден жана тектоникалык кыймылдан деформацияланып, татаал түзүлүштө болушу мүмкүн. Ч. к. ири өнөр жайлык мааниге ээ. Буга отун катары пайдаланылуучу бардык кен (нефть, газ, көмүр, күйүүчү сланец ж. б.), айрым темир кенташтары, марганец жана алюминий, түстүү металлдар, сейрек учуроочу металлдар, курулуш материалдары кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4