Чoң үкү (лат. Bubo bubo, Linnaeus 1758):

Чoң үкү.
Bubo bubo bubo

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Европа, Түндүк Африка, Азия – түндүктөн токойдун чегине чейин, түштүктөн Түндүк Аравия, Индостан жана Индокытайга чейин. Кыргызстанда Ысыккөлдө, Каракужурда, Атбашыда, Соңкөл жана Аксай өрөөндөрүндө, Кыргыз, Алай жана Чаткал тоо кыркаларында уялайт . Чоң үкүнүн жаңы түктөрү Төлөк айылынын (Чүй өрөөнү) тегерегинде 2002-жылдын июнң айында табылган . Бул чоң үкүнүн ушул жерде уялоосун болжолдоого мүмкүндүк берет. Сасык жумурткасы бар ташталган уя Алабука айылынын тегерегинде (Жалалабат обл.) табылган.

Жаша ган аймактары. Кыргызстанда жай мезгилинде анда-санда тоолуу-токойлуу ландшафттарда кездешет. Аскалуу жерлерди, чополуу жарларды жана үңкүрлөрдү артыксынтат. Кышында көпчүлүк учурда тоо арасындагы өрөөндөргө түшөт, эл отурукташкан жерлерде кездешет. Ылайыктуу азыгы болгон кезде бийик тоолордо кыштайт.

Саны түзөтүү

Белгисиз, бирок бардык жерде сейрек. Ошентсе да, Янушевич ж.б. чоң үкүнү тоодо адатта кездешүүчү канаттуу катары белгилейт (саны боюнча маалымат жок).

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Отурукташкан канаттуу, кышында маанилүү эмес вертикалдуу миграцияларды жасайт. 2-5 жумуртканы апрелде тууйт, ургаачысы 33-35 күн басат . Балапандары апрелдин аягында – майдын башында чыгат да, үч ай бою уялоо аймагында калат. Азыктануусунун негизи – майда сүт эмүүчүлөр (чычкандар, момолойлор), кээде канаттуулар (таандар, майда таранчы сымалдар ж.б.).

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Чоң үкүнүн саны олуттуу деңгээлде коөндун санынан көзкаранды: депрессия жылдары чоң үкүнүн саны да азаят. Жергиликтүү калк чоң үкүнүн түктөрүн улуттук кийимдерди кооздоо, тумарларды жасоо үчүн колдонушат : балапандарды уяларынан алышат, чоңдорун кармашат. Чоң үкүлөрдүн ЛЭП өткөргүчтөрүндө, автоунаалардын алдында калып өлгөн учурлары белгилүү.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

КМШнын зоопарктарында чоң үкүлөр бир катар жылдар бою ийгиликтүү көбөйүүдө.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Чоң үкү Сарычелек, Чаткал, Нарын, Каракол, Чоңкемин, Кыргызата ж.б. коруктарынын жана улуттук парктарынын территориясында жашайт. Казакстандын Кызыл китебине катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Атайын чоң үкүлөрдү өстүрүүчү жайларды түзүү, түктөрдү тирүү үкүлөрдөн алуу, жергиликтүү калктын арасында түрдү сактоо боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүүнү күчөтүү.

Статусу түзөтүү

VII категория. Least Concern, LC. Кыргызстанда Bubo bubo hemachalanus Hume, 1873 түрчөсү жашайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү