Шабданова Айтажи (1945-жылы туулган, Араван району, Ленин атындагы колхоз - 17.04.2022) — актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1988). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1974). 1963-жылдан Ош өзбек музыкалык-драма театрында иштейт. 1976-жылы А. Н. Островский атындагы Ташкент көркөм театр институтунун сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн. Аткарган негизги ролдору: Медея (Еврипид, «Медея»), Нурхон (К. Яншин, «Нурхон»), Катерина (А. Н. Островский, «Добул»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Алтынай (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим») жана башка.

Адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. Ош облусу. Энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.