Шабдан шаар калдыгы - 11-13-кылымдарга таандык археологиялык эстелик.

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылынын батыш жагында жайгашкан. Тик бурч формада, жактарынын уз. 490x860 м. Сакталып калган дубалдардын бийиктиги 2-5 м, жазылыгы 18-20 м. Дубалдары мунаралар менен бекемделген. Дубалдын сыртын бойлой жазылыгы 8 м, тереңдиги 2 м ан казылган. Археологиялык казууда 11-13-кылымдарга мүнөздүү айнектен жасалган кооз идиш-аяктардын сыныктары, чийки жана бышкан кыштар табылган. Эстеликти археолог П. Н. Кожемяко изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4