Шабиет, көк байтал – улуттук оюндун бир түрү. Муну өспүрүм балдар түз, чөбү кыска, жумшагыраак жерлерге жаатташып ойношот. Киши канчалык көп болсо, оюн ошончолук кызык өтөт. Чогулгандар оюнду тутум боюнча башташат. Кененирээк жерге тегерек чийилет. Кезекти жеңип алган тарап чийиндин сыртында болот да, жеңилгендер ичинде эки колу менен жер таянып, тизеси менен чөк түшүп, чийиндин сыртындагыларга каршы коргонушат. Оюндун эрежеси боюнча чийиндин сыртындагылар ичкилерди опузалап камап, шаштысын кетирип, өздөрүн тептирбестен көбүүрөөк чаап, жазалоого аракет кылышат. Бирок бел кырчоодон өйдө жагына муштоого, чабууга, ал эми алкактын ичиндегилерге ордунан турууга, арт жагына шилтеп тебүүгө, же тизеден жогору тебүүгө болбойт. Атаандаштын кол күчүн азайтып, алсыздандыруу максатында сырткы чабуулчулар ичтегилерди бирден, экиден үстүнөн секирип бөлүп кетет. Бөлүнгөн оюнчулар өз өнөктөрү жеңишке жетмейинче ойноо укугунан ажыратылат. Сырттагылар ичкилерди качырып кирип, чабууга аракеттенген учурда кокус бутуна тептирип койсо, анда оюн кезеги алмашып, ичтегилер сыртка чыгат. Көбүрөөк жазаланган тарап уттурган болуп эсептелет. Шабиет жаштарды шамдагайлыкка, эпчилдикке машыктырат.

Адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.