Шаирбек Ташиев
1976-жылы 16-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган;
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтун «Коммерциялык ишкердүүлүк» адистиги боюнча аяктаган;
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында "бизнес башкаруу" адистиги боюнча магистр болгон.
2011-жылы Москва шаарынын бажы академиясын аяктаган;
2000-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Эл аралык бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеп баштаган;
2001-жыл Бишкек шаарынын Октябрь райондук башкармалыкта жетектөөчү адис;
2001-2003-жылдары Мамлекеттик монополияга каршы комиссиясында жетектөөчү адис, башкы адис;
2003-2013-жылдары инспектор, улук инспектор, башкы инспектор, посттун башчысы, Жалал-Абад бажы башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2015 - 2021-жылдары "Джалал-Абадский нефтеперерабатывающий завод" ЖЧКсынын директору;
2016-2020-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
2021-жылы Жалал-Абад №14 бир мандаттуу округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.