Шайдансай — Бабашата кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан башталган суу. Ноокен районунун аймагында Караүңкүргө жетпей сугат тармактарына таралат. Узундугу 30 км, алабынын аянты 131 км2.
Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийикт 2070 м. 10го жакын майда куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 1,65 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда (2,9 м3/сек), азы январда (0,60 м3/сек) байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү