Шайдуллаева Топчугүл Жолдошевна - жазуучу, публицист, илимпоз.

Баткен районунун Кара-Булак айылында 1960-жылы 24-январда туулган. 1977-жылы Кара-Булак орто мектебин, 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун ошол эле университеттин социологиялык лабораториясынын кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.

1985–1989-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы аспирантурада окуган.

1990–1992-жж. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу болуп эмгектенген.

1992-жылы социология илимдеринин кандидаты.

1992–1993-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасынын окутуучусу

1993–2003-жж. Бишкек гуманитардык университетинин социология кафедрасынын доценти, кафедра башчысы.

2003–2004-жж. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратында маалыматтык-басма бөлүмүнүн башчысы.

2004-жылдын октябрь айынан “Агропресс” республикалык айыл чарба басылмасынын башкы редактору, “Агроиздательство” коомдук фондунун директору.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2007-жылдан Борбор Азия ПЕН-клубунун вице-президенти.

Сыйлыктары түзөтүү

2000-ж. “Акыркы раис” аңгемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган “Элет тагдыры – эл тагдыры” сынагынын байгесине татыган.

2000-ж. – “Жан шерик” аңгемелер жыйнагына Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун “2000-жылдын эң мыкты китеби” диплому ыйгарылган.

2006-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери.

2017-ж. – Түрксой уюмунун “Баласагын”медалы менен да сыйланган.

2021-ж. – Улуттук "Алтын калем" сыйлыгынын ээси.

2022-ж. – “Балакана” китеби "2022-жылдын Мыкты китеби" дипломун алган.

“Кайдасыңар кадырлуу агайлар!?”, “Жакырчылык жана гендер маселеси”, “Шелекке барып, челекке түшкөн кыргыздар” ж.б. макалалары эл аралык уюмдардын сынактарынын байгелерине татыган.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Кызбала: Илимий-публицистикалык чыгармалар. – Б.: Сабыр, 1999. – 64 б.
  • Жан шерик: Аңгемелер. – Б.: Сабыр, 2000. – 72 б.
  • Кыргызстандагы гендердик өнүгүү: Илимий-популярдуу макала. – Б.: Бийиктик, 2005. – 112 б.
  • Ташка чыккан гүл: Публицистикалык макалалар. – Б.: Бийиктик, 2006. – 284 б.
  • Акылкасас: Аңгемелер жыйнагы. – Б.: Бийиктик, 2008. – 176 б.

Айрым аңгемелери орус, англис, казак, азербайжан, фин тилдерине которулуп, жарык көргөн.

Маданиятта түзөтүү

  • “Азапка салган айыз”, “Келин таш” аңгемелеринин негизинде кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылган.

Колдонулган адабият түзөтүү