Шайырбү Сагынбаева – "Жашоо үчүн бирге" өнөрканасынын уюштуруучусу, жетекчиси. Кирешени толугу менен ракка каршы дарыланып жаткандарга жумшайт. Ал ошондой эле дарылоо борборунан алыс жашаган бейтаптарга коммерциялык эмес хостел ачкан. Би-Би-Синин тандоосу менен 2023-жылдын дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган айымдардын катарына кирген.[1]

"Жашоо үчүн бирге” түзөтүү

Шайыр Сагынбаева рак менен 2017-жылы ооруп, ремиссияга чыгып, Бишкекте рак оорусу менен ооруп калган аялдарга жардам берүү үчүн Айгүл Кыдырмышева, жана Жапар кызы Жылдыз деген айымдар менен “Жашоо үчүн бирге” өнөрканасын ачкан.[2]

Ал өнөрканада негизинен кыз-келиндер кийим-кече, буйрутма алып баштыктарды тигип иштешет. Тапкан акчаларын ошол жерде иштеген кыздардын дарылануусуна жумшашат. Шайыр Сагынбаеванын айтымында эмчек рагынын дарылары аябай кымбат. Ооруган адамдын тагдыры дарылануусунан, аны убагында алганына көз каранды. Дарыланууну убагында ала албай өтүп кеткендер да бар.

Сагынбаева адам айыгышы үчүн өз убагында дарылануу менен бирге ойду, көнүлдү таза алып жүрүшү керектигин айтат. Үй-бүлөнүн колдоосу да адамга чоң дем, күч-кубат берет. Себеби, дарылануу аягына чыкканга чейин бир топ каражат кеткендиктен баары эле аны көтөрө албайт, аны менен бирге ооруган адамдар жакындарын кыйнагысы келе бербейт.

Шайыр Сагынбаева рак илдетине кабылган айымдарга атайын баш калкалоочу жай да ачкан. Анда алыскы аймактардан келген айымдар 10-15 күнгө жашоого болот. Ичинде бардык шарттары бар.[3]

Бирикме онкологиялык оорулууларга чалдыккандарды колдоо максатында башка кайрымдуулук акцияларына да катышкан[4].

Би-Би-Синин “100 Айым” тизмесинде түзөтүү

Би-Би-Си 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесин жврыялаган. Алардын арасында адам укуктары боюнча юрист Амал Клуни, Голливуд жылдызы Америка Феррера, феминисттердин символу болгон Глория Стайнем, АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама, сулуулук бизнесинин ээси Худа Каттан, "Алтын топту" жеңип алган футболчу Айтана Бонмати жана жасалма интеллект боюнча эксперт Тимнит Гебру бар. Бул тизмеге Шайыр Сагымбаева да кирген.[5]

Шилтеме түзөтүү

Александра Титова, Кайрат Замирбеков. «Рактан кийинки жашоо». Kloop кыргызча, 12 нояб. 2022 г. https://www.youtube.com/watch?v=KZFWO3ad0TI

  1. Шайырбү Сагынбаева, Кыргызстан. Би-Би-Синин 100 Айым долбоору 2023: быйыл тизмеге кимдер кирди? ВВС Кыргыз Кызматы, 21 - ноябрь, 2023 жыл https://www.bbc.com/kyrgyz/resources/idt-02d9060e-15dc-426c-bfe0-86a6437e5234
  2. 1)     Нуржигит Бейшебаев .“Жашоо үчүн бирге” өнөрканасынын жетекчиси: Рак илдети – өкүм эмес, аны жеңсе болот. Кабар КУМА, 14.11.20 https://kg.kabar.kg/news/zhashoo-ch-n-birge-n-rkanasynyn-zhetekchisi-rak-ildeti-k-m-emes-any-zhe-se-bolot/
  3. Абдыбек Казиев, Руфат Эргешов, Би-Би-Си, Бишкек. Ракка каршы күрөшкөн айым. ВВС Кыргыз Кызматы.https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c2e2r610v18o
  4. «Рактан кийинки жашоо». Илдетти жеңген айымдар тууралуу документалдуу тасма. Клооп, 13.11.2022. https://ky.kloop.asia/2022/11/13/raktan-kijinki-zhashoo-ildetti-zhe-gen-ajymdar-tuuraluu-dokumentalduu-tasma/
  5. Шайырбү Сагынбаева, Кыргызстан. Би-Би-Синин 100 Айым долбоору 2023: быйыл тизмеге кимдер кирди? ВВС Кыргыз Кызматы, 21 - ноябрь, 2023 жыл https://www.bbc.com/kyrgyz/resources/idt-02d9060e-15dc-426c-bfe0-86a6437e5234