Шайыр Касымалиева
Шайыр Касымалиева (1967) — Советтик жана Кыргызстандык актриса. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2002). Б.Кыдыкеева, А.Куттубаев атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Шайыр Касымалиева
| |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Касымалиева Шайыргүл Зарлыковна |
---|---|
Туулган датасы: |
30 -апрель 1967 (57 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1986 — азыркы учурда |
Сыйлыктары: |
Өмүр баяны
түзөтүүШайыр Касымалиева артисттик үй-бүлөдө туулган. Атасы Зарылык Касымалиев талантуу актер, апасы Гүлнар Суранчиева жөндөмдүү артистка жана шыктуу бийчи болгон. Шайыр орто мектепти Фрунзе шаарында аяктаган. Бала кезинен тартып эле артисттик үй-бүлөдөн болгондон кийин, Шайыр театр чөйрөсүндө чоңойгон. Мектепти аяктагандан кийин 1984-жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына окууга өтөт. Театр окуу жайын 1989-жылы аяктап келип, курсташтары менен Кыргыз Өкмөтүнүн чечимине ылайык кайрадан ачылып жаткан Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ) кызматка алынат. Шайыр Касымалиева 1991-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кызматка кирет. Ошондон тартып Шайыр ушул театрда ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.
Чыгармачылыгы
түзөтүүШайыр Касымалиева театрда, жаш курагында лирикалык героиняларды аткарган. Актриса сахнада назик, табияты өтө жумшак көрүнөт. Ошондуктан ага дайыма анын индивидуалдуу өзгөчөлүгүнө жана шык дараметине жараша лирикалык пландагы ролдор ыйгарылган. Маселен, Жульетта, Гүлүсүн сыяктуу ролдор, акыйкаттан эле актрисанын жеке табиятына өтө жакын турушат. Бирок, ал кыргыз көрүүчүлөрүнө биринчи кезекте кино аркылуу таанылды. Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган “Куш өмүр” фильминде ойногон Сейденин ролу менен Шайыр кыргыз элине дайын болду. Бул фильмден кийин да актриса бир нече кинолорго тартылды.
Театрдагы негизги ролдору
түзөтүү- Гүлүсүн (М. Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
- Колукту (Ж.Кулмамбетов, “Кагылайын, Манасым!”)
- Майраш (Ж. Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”)
- Жульетта (У. Шекспир, “Ромео менен Жульетта”)
- Калмак ханышасы (М.Абылкасымова, К.Иманалиев, “Атаке баатыр”)
- Жүргүнчү аял (М.Байжиев, “Узак сапардагы поезд”)
- Белина (Ж.Б.Мольер, “Анткор оорулуу”)
- Алтун (Ч.Айтматовдун, “Чыңгыз хандын ак булуту”) ж.б.
Тасмаграфиясы
түзөтүүЖылы | Кыргызча аталышы | Түпнуска аталышы | Каармандык ролу | |
---|---|---|---|---|
1986 | т | Бетме-Бет | Лицом к лицу | эпизод |
1990 | т | Куш өмүр | Плач перелетной птицы | Сейде |
1992 | т | Чыгыштын уруш чебери | Мастер востока | Кимдин жубайы |
1992 | т | Кошокчу | Плакальщица | Кошокчу |
2007 | т | Канат менен Зарина | У любви свои небеса | Заринанын апасы |
т | 13 жашар баланын араны | |
эне | |
2020 | т | Акыркы Көч | |
Мээрим |
2022 | т | Күйөөм качты | |
Зухура |
Наамдары жана сыйлыктары
түзөтүүКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2002)
"Даңк" медалынын ээси (2016).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ысык-Көл облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- «Плач перелетной птицы» (КыргызФильм) YouTube сайтында
- Касмалиева Шаиргүл Зарлыковна. Сыйлыктар.
- Таалайгул Усенбаева. Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты
- "Ысмайылды ойнойм деген оюм да жок болчу". Айтматовдун каармандарын ойногон актерлордун эскерүүлөрү
- Ольга Федорчук. Фото Александр Фёдоров. Кыргызская актриса Шайыргуль Касымалиева. Пробы
- Шаиргүл Касмалиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти