Шакардуулар (лат. Сhenopodiaceae) – эки үлүштүүлөр классына кирген өсүмдүк тукуму. Бир, көп жылдык чөп же чала бадал, бадал, чада анча чоң эмес дарак. Сабагы ширелүү, жерге төшөлүп же тик өйдө өсөт, айрым учурда жалбыраксыз муунактуу. Жөнөкөй жалбырагы кезектешип жайгашат. Майда, көрксүз гүлү желекчесиз, бир же эки жыныстуу, татаал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – кургак же ширелүү, бир уруктуу кутуча. Жер жүзүндө 1500дей, Кыргызстанда 100 ашуун түрү кездешет. Алар шор, чөл, жарым чөл, деңиз жээгинде, айдоодо, таштанды ташталган жерде, огороддо, бакчада, туздуу саздакта жана башка өсөт. Айрым урууларынын түрлөрү (Алабата, шакар чөп) кезегинде самын жасоо үчүн кеңири пайдаланылган, азыр самынды жетиштүү санда башка орг. заттардан жасалып жаткандыктан Ш. пайдаланылбай калган.

Blitum bonus-henricus

Колдонулган адабияттар түзөтүү