Шалбаа – көп жылдык мезофилдүү жана гигрофилдүү, түрдүү чөптүү өсүмдүктөр тобу. Ш. узакка суу жайылган жайылмада, бийик тоолуу жерде, субарктика, деңиз жээктеринде, талаада болот. Ш. чөптөрү чабындыга жана жайытка пайдаланылуучу баалуу тоюттук аймак. Ш. табигый жана өстүрүлмө болуп бөлүнөт. Табигый Ш. – такыр, суу жеп кеткен жана башка жерлерге чөп өсүмдүктөрүнүн өз алдынча өсүп чыгышы. Өстүрүлмө Ш. жер жакшылап айдалып көп жылдык чөп уругу себилет же бир нече жыл бир жылдык өсүмдүктөр айдалган жерге ар кандай чөп уругунун аралашмасы себилет. Бул ыкма мурун кара топураксыз жана жарым чөл зонасында көп колдонулчу. Ш-га айландырууда атайын жердин жаратылышына байланыштуу, мисалы, кара топураксыз бөлүктө чөбү начар өскөн жерди Ш. үчүн жайында 15-18 см тереңдикте айдап, дан уруктуу чөптүн аралашмасы себилет, да топуракты эрозиядан сактоо үчүн жүргүзүлөт. Ш. жакшы сугарылса, туура пайдаланылса көп түшүм берет; бир га жерден 6-8 миң тоют бирдиги алынат. Ш-ны сугаруу зарылчылыгы табигый – климаттык шартка жана Ш.-жайыт чөбүнүн биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша болот. Бир жылдык өсүмдүккө караганда вегетация маалында көп жылдык чөп сууну 2-3 эсе көп керектейт. 400 ц жашыл масса пайда болуш үчүн көп жылдык чөп 6 миң м3 га суу (600 мм) талап кылат, ал эми жай мезгилинде ушунча өлчөмдө жаан-чачын жыл сайын жаабайт. Ошондуктан Ш-ны сугаруу зарылдыгы келип чыгат. Ш. Дүйнө жүзүндө 150-200 млн. га аянтты ээлейт.

Бакта өсүүчү шалбаа

Колдонулган адабияттар түзөтүү