Шамал алып кеткендер (тасма)

"Шамал алып кеткендер" (англ. Gone with the Wind, орус. Унесённые ветром) - Маргарет Митчелдин 1936-ж. чыккан романынын (Шамал алып кеткендер) негизинде 1939-ж. тартылган америкалык эпикалык тарыхый романс тасма. Дэвид О. Селзник тарабынан өндүрүлгөн, режиссеру Виктор Флемиң. Тасмада АКШдагы Жарандык согуштан кийинки Калыбына келүү учуру, тактап айтканда АКШнын Түштүгүндөгү окуяны баяндайт. Бул окуя Жоржия плантацияларынын ээсинин кызы, эрки күчтүү, Рэтт Батлерге турмушка чыккан, Мелани Хэмилтон аттуу бөлөсүнө үйлөнгөн Эшли Вилкс менен жылуу, романтикалуу маамиле курган Скарлет О'Хара тууралуу баяндалат. Башкы ролдорду Вивьен Ли (Скарлет), Кларк Гейбл (Рэтт), Лесли Ховард (Эшли) жана Оливия де Хэвиленд (Мелани) жаратышкан.

Шамал алып кеткендер

"Шамал алып кеткендер" тарыхый ревизионизм менен кулчулукту даңктагандыгы үчүн сынга алынган, бирок афро-америкалыктарды киноматографияда башка нукта көрсөткөндүгү үчүн ишеним көрсөтүлгөн. 20-кылымда тасма маал маалы менен көрсөтүлүп келгендиктен популярдуу маданиятта өз ордун тапкан. Тасма баардык мезгилдердин мыкты тасмасы деп табылып, 1998-ж. Америка Кино Институтунун 100 мыкты тасмаларынын ичинен 10-орунду ээлеген. 1989-ж. АКШнын Конгресс Китепканасы тарабынан Улуттук тасма реестрине тандалып алынган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү