Шамал кыймылдаткычы - шамалдын кинетикалык энергиясын механикалык энергияга айландыруучу машина.

Анын жумушчу органы - шамал дөңгөлөгү I I шамал агымынын I I күчү менен валдын айлануусун механикалык энергияга айландырат. Шамал кыймылдаткычы каруселдик (калактары тик жасалат), барабан түрүндө (калактары горизонталдуу жасалган) болот. Калактарынын саны боюнча тез иштөөчү (калагы 4төн аз), орточо (4-8) жана жай иштөөчү (8ден жогору) болот. Сериялык түрдө чыгарылып жаткан Шамал кыймылдаткычынын шамал дөңгөлөктөрүнүн диаметри 10, 12 жана 18 м жана кубаттуулугу 7,4төн 29,5 кВттка чейин жетет. Ошондой эле кубаттуулугу 30-50 кВт болгон Шамал кыймылдаткычы чыгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4