Шаман дини - Сибирь элдеринде кеңири тараган, тамыры жайылган байыркы дин, диний ишенимдердин өзгөчө системасы.

Бул термин тунгус-манжур тилдеринде «саман» деп аталып, шаман дининин өзгөчө кызматкеринин диний-иерархиялык аталышынан улам келип чыккан. «Шаман» термини 19-к. Европа окумуштуулары тарабынан илимге киргизилген. Сибирь элдеринде бул дин ар кандай аттар (ак дин, буркан дини ж.б.) менен аталган.

Бул диндин айрым элементтери Саян-Алтай элдеринде (хакастар, тувалар, шорлор, алтайлыктар), айрым тунгус тилдүү элдерде сакталып калган. Соңку мезгилдерде бул динди кайрадан калыбына келтирүү иш-аракеттери жүрүп жатат.

Байыркы кыргыздардын диний ишенимдери боюнча кытай жана мусулман булактары, руна сымал кыргыз жазуулары кабар берет. Кыргыздар диний ритуалдарды жетектегендерди «кам» деп аташары баяндалат. Бул маалыматтарда кыргыздардагы камдар жараткан менен байланыш милдеттерин аткарары, бул жөнөкөй эмес адамдар аркылуу кийинки жылы малдын башынын амандыгы, түшүмдүн молдугу, оору сыркоонун болбостугун ошол «көзү ачыктардан» сурап билишкен.

Камдар өз учурунун кадыресе билимдүүлөрү, коомдогу таасири бар өзгөчө социалдык катмарлардан болушкан. Туваларда, хакастарда «хам» формасында сакталып келет. Кыргыздар ислам динин кабыл алышкандан соң, диний жөрөлгөлөрдү алып баруучулар «кшы» деп атала баштаган (караңыз: бакшы темасы).

Камдар же бакшылар «өз жардамчыларынын» жардамы менен Көк Теңирге учуп чыгып, духтар аркылуу баарлашкан. Эл менен Кудайдын ортосундагы байланыштыруучу звено болушкан. Демонологиялык күчтөр, кыялый кубулуштар менен күрөшүүчүлөр шамандар болушкан. Шамандар башкалардан айырмаланган кийим-кече, сыйкыр-керемет күчү бар деп таанылган курал-жарактарын, аспаптарды алып жүрүшкөн.

Шамандык ишмердүүлүк кандайдыр бир ырым-жырымдар, бийлөө, музыкалык аспапта ойноо менен коштолгон. Шаман дини жана анын айрым негиздери Сибирь элдеринин чарбалык укладдары менен байланышкан. Бул диндин айрым элементтери бүгүнкү кыргыздардын ишенимдеринде сакталып калган. Мисалы, тоо-ташка, булактарга сыйынуу, түлөө өткөрүү, мазарларга же ыйык деп эсептелген жерлерге чүпүрөк байлоо ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.