Шамен Куттуксейит уулу (болжол менен 1813/ 14, Ысык-Көл өрөөнүнүн күңгөйү - 19-кылымдын аяк чени, Кочкор өрөөнү) - сарыбагыш уруусунун ири манабы, Ормон хандын башкы кеңешчилеринин (1842-55) бири. Шамен Ормонхандын атасы Ниязбектин бир тууганы Куттуксейиттин уулу болгон.

Кененсары Касымов башында турган казактардын Түндүк Кыргызстанга жасаган жортуулунда (к. Кененсары хандын чапкыны) чакан кол курап, казактар менен салгылашууда элге таанылган. Андан сырткары, Кокон хандыгына Ормон хандын элчиси катары барып, так төргө баса отуруп, жаш болгонуна карабастан олтургандарды өзүнүн акылы, чечендиги менен таң каларлык абалда калтырган. Ушул кылган жоругунан кокондордун ханы Ормон жөнүндө маалымат алгысы келип, аны үч күн сыйлап, акырындык менен ар нерселерди сурайт. Шамен Куттуксейит уулу Ормондун орустардан атайын алдырган курал-жарактары бар, канчалаган баатырлары бар деп, катардагы малчыларды баатыр атап, көптөгөн ушул сыяктуу нерселерди айтып,кокон ханынын жүрөгүнүн үшүн алган. Ормон хан өлтүрүлгөндөн кийин (1855), өлөр алдында калтырган керезин (көлдү үч айлангыла) аткарылып жатканда, бугу менен сарыбагыш бир тууган деп, эки айлангандарында көлдүктөрдү толук кырылуудан сактап калган. 1860-ж. сарыбагыш уруусун орус бийлигине баш ийдирүү үчүн отряд жиберилгенде, Үмөтаалы Ормон уулу менен Нарын, Ат-Башы тарапка көчүүгө аргасыз болгон. 1865-ж. Жумгал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Нарындын төмөнкү агымын жердеген саяк уруулары орус бийлигине баш ийүүгө мажбур болгондон кийин Байтели, Жаманак сыяктуу бийлер менен бирге Үмөтаалыдан бөлүнүп, Кочкор өрөөнүнө көчкөн жана өзүнө караштуу 400 түтүндөн ашык эли менен орус бийлигин тааныган. Кийинчерээк бугу-сарыбагыш урууларын жараштырууга чоң салым кошкон. Шамендин балдары Байтерек жана Малабек, Байтеректин балдары Балбак менен Бекчоро болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4