«Шамшыкал» - Токтогул райондук коомдук-саясий гезит. Ээлик кылуучулары: райондук мамлекеттик админстрациясы жана Эл депутаттарынын райондук кеңеши. Редакциясынын дареги: Токтогул шаарчасы, Ш. Кенжетаев көчөсү, 32.

  • 1933-ж. негизделген.
  • 1933-38-ж. «Большевиктик колхоздор үчүн»,
  • 1938-62-ж. «Ленин осуяты»,
  • 1965-92-ж. «Учкун» деген ат менен чыккан.
  • 1993-жылдан азыркыдай аталат. Кыргыз тилинде жумасына бир ирет чыгат. Райондун эмгек жамааттарынын иши, коомдук жана маданий турмушу, Ошондой эле облустагы, республикадагы, чет өлкөлөрдөгү маанилүү окуялар жарыяланат. Нускасы 1200 (2004). Редактору И. Токтогулов.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5