Шамшы, капчыгай - Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталында. Чүй районунун аймагында. Узундугу 40 км, тереңдиги жогорку бөлүгүндө 800–1100 м, төмөн жагында 400–600 м. Капчыгай кууш жана тик капталдуу (35–45°). Жогорку бөлүгүндө түндүк-чыгыш багытында Көлтөр суусунун чатынан түндүккө бурулуп жазы өрөөнгө өтөт. Сол жагында негизги айрыгы Туюк капчыгайы бар. Капчыгай аркылуу Шамшы суусу агат. Капталдарында бадал, карагай, арча токою, субальп жана альп шалбаалары таралган.

Капчыгайдын(жеткиликсиз шилтеме) баш жагында Кочкор жана Чүй өрөөндөрүн байланыштыруучу Шамшы ашуусу(3570 м)жайгашкан. Ашуудан ары тоонун түштүк капталында узундугу 20км, тереңдиги 300–500м келген кууш капчыгайда Шамшы аталат. Шамшы капчыгайы жайытка пайданылат.

Адабият түзөтүү

  • [[http:www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004.] ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү