Шанкара (болжол менен 788- 820) - индиялык динчил философ жана акын. Малабарда (азыркы Керала штаты) брахман үй-бүлөсүндө туулган.

Жашынан аскет жолуна түшкөн. Бир нече диний жамааттарды пегиздеген. Шанкара адвайта - веданта системасын түзгөн. Шанкаранын ою боюнча бирден бир чындык (реальность) - брахман (абсолюттук дух). Болмуштун көп кырдуулугу, андагы кыймыл, кубулуш, өзгөрүү адамдын билбестигинен чыккан алдамчы гана көрүнүштөр. Анткени алардын негизин өзгөрбөс таза болмуш - брахман түзөт. Шанкаранын окуусу индия философиясынын өнүгүшүндө, буддизмдин начарлашында чоң мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.