Шап, билекке чабуу – элдик оюндардагы жазанын түрү; жеңилген оюнчуну жазалоо ыкмасы. Макулдашуу боюнча утулган баланын билегин түрүп, баш бармак, аты жок, чыпалак үчөөнү катуу жумуп, сөөмөй жана ортону менен билекке чабат. Шаптын саны оюн башталарда белгиленет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.