Шарден, Жан Батист Симеон

Шарден, Жан Батист Симеон (1699, Париж – 1779, ошол эле жер) – француз живописчиси, XVIII кылымдагы француз живописиндеги реалисттик багыттын ири өкүлү. Жыгач устанын уулу. Париж САнын мектебинде окуган. 1728-ж. академик. Ш-дин эмгектери жөнөкөй, ачык-айрым жана терең лиризмге каныккан. Ш. – карапайым эл турмушун баяндаган “Кир жуучу аял”, “Түшкү тамак алдындагы сыйынуу” (1744, экөө тең Эрмитажда, Ленинград), “Чимирик ойногон бала” (1738), “Аш таратуучу” (1739, экөө тең Луврда, Париж) аттуу сүрөттөр менен натюрморттордун автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү