Шарлиз Терон (англ. Charlize Theron;/ ʃɑːrliːz θɛrən / shar-leez therr-ən, же shar-lees thair-en; Afrikaans: [ʃarˈlis trɔn];; 1975-жылдын 7-августунда туулган) - Түштүк африкалык жана америкалык актриса жана продюсер. Актриса Голливуддун "Шайтандын жактоочусу" (англ. The Devil's Advocate, 1997), "Күч-кубаттуу Жо Яң" ​​(англ. Mighty Joe Young, 1998), "Шарап жасоочулардын жашоосу (англ. The Cider House Rules, 1999), "Желмогуз" (англ. Monster, 2003), "Италиялыкча карактоо (англ. The Italian Job, 2003), Ханкок (англ. Hancock, 2008), "Батышта өлүүнүн миллион жолу" (англ. A Million Ways to Die in the West, 2014), "Акылсыз Макс" ( англ. Mad Макс: Fury Road , 2015) "Форсаж 8" (англ. The Fate of the Furious, 2017) тасмаларында ойногон.

Ш. Терон "Желмогуз" (англ. Monster, 2003), тасмасында киши өлтүргүч Эйлин Уорностун ролун мыкты аткаргандыгы үчүн мактоолорго татыган, ушул ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын, Берлин кинофестивалынын "Күмүш аюу" сыйлыгын, "Алтын глобус" сыйлыгын, АКШ киноактерлер Гильдиясынын "Эң мыкты актриса"(Эң мыкты аялдын ролу) номинациясын жеңген алгачкы Түштүк Африкалык актриса болуп калган. Ал 2005-жылы "Түндүк өлкө" (англ. North Country) тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына талапкер болсо, Жейсон Райтман тарткан "Мэвис Гэри" (англ. Young Adult) тасмасындагы ролу үчүн дагы "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Актриса 2007-жылы Түштүк Африка жарандыгын сактап калуу менен АКШнын жарандыгын алган. 2000-жылдардын акырынан тарта Терон телекөрсөтүү жана кинода жана теледе продюсерлик жумушту аркалай баштаган. 2006-жылы "Чыгыш Гавана" (англ. East of Havana) аттуу документалдык тасманы продюсер катары жарыкка чыгарган. Актриса "Күйгөн талаа" (англ. The Burning Plain, 2008) жана "Караңгы жайлар" (англ. Dark Places) тасмаларында роль жаратып, продюсердик кызматты дагы аркалаган. 2012-жылы Ш. Терон "Аппак кыз жана Мергенчи"(англ. Snow White and the Huntsman) жана "Прометей" (англ. Prometheus) тасмаларында ойногон, эки фильм тең прокатта жакшы киреше алып келген. 2016-жылы, Time журналы " Жылдын 100 эң таасирдүү инсандар" тизмесине Ш. Терондун ысмын кошкон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү


Шилтемелер түзөтүү