"Шарлоттанын желеси" (англ. Charlotte's Web) — америкалык жазуучу Элвин Брукс Уайттын балдар романы. Иллюстрациясын Гарт Уиллиамс жасаган. Китеп 1952-жылдын 15-октябрында Harper & Brothers тарабынан басылып чыгарылган. Роман Вилбур аттуу чочко менен сарайдагы Шарлотта аттуу жөргөмүштүн достугу тууралуу айтып берет. Вилбур фермер тарабынан союлуу коркунучуна туш болгондо Шарлотта Вилбурду мактап өз желеси менен кат жазып, фермерди чочкону сойбогонго көндүрүүгө аракет кылат.

Чоңдор үчүн да, балдар үчүн да окуганда ырахат тартуулаган, жөнөкөй жана жупуну жазылган "Шарлоттанын желеси" балдар адабиятынын классикасы деп эсептелет. Фермадагы жиптин ары-бери термелишинин сүрөттөлүшү жазуу ыргагындагы үлгү катары каралып келет, анткени сүйлөмдүн ар бир темпи термелүү кыймылын чагылдырат. 2000-жылы Publishers Weekly журналы китепти ушул убакка чейин жарык көргөн балдардын катуу мукабалуу бестселлер китептер тизмесине киргизген.

"Шарлоттанын желеси" 1973-жылы Hanna-Barbera Productions жана Sagittarius Productions компаниялары тарабынан анимациялык тасмага ылайыкташтырылган. Paramount компаниясы "Шарлоттанын желеси 2: Вилбурдун укмуштуу окуялары" аттуу видеотасманы тартып, АКШда 2003-жылы көрүүчүлөргө сунуштаган (ал эми Universal компаниясы тасманы эл аралык чөйрөгө жайылткан). Элвин Брукс Уайттын чыгармасынын жандуу тасма версиясы 2006-жылы тартылган. Китепке ылайыкташтырылган видео оюн дагы 2006-жылы жарык көргөн.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү