Шарпылдак жары, Кыдырмажар — Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги көлдүн суусуна такай келген абразиялык жар. Мындан жүздөгөн жыл илгери көлдүн деңгээли бийик кезде, анын шарпылдагы жардын түбүнө жетип турган; илгерки жол көлдүн суусун кечип, жардын түбү менен өткөн. Ошол мезгилдеги көл менен шырпылдактын абалы Верещагиндин тарткан сүрөтүндө даана көрүнүп турат (Москвадагы Третьяков галереясында). Геологиялык структурасы боюнча соңку неогендин жана алгачкы плейстоцендин чала кумдашкан конгломерат чөкмөлөрүнөн турат. Азыркы кезде көлдүн деңгээли төмөндүгүнө байланыштуу шарпылдак көлдөн обочороок калган. Шарпылдактын таманы менен көлдүн ортосөнан Бишкек- Каракол автомобильдик жолу өтөт.