Шарттуулук, турмушту чагылдыруунуп бир формасы болуп, мында реалдуу көрүнүштөр эмес, шарттуу алынган көрүнүштөр аркылуу турмуш чындыгы образдуу элестетилет. Мисалы, реалдуу Жер менен адамдын сүйлөшпөөсү белгилүү, а бирок Ч.Айтматовдун «Саманчы жолу» повестинде автор бул экөөнү сүйлөштүрөт, же болбосо Ж. Бөкөнбаевдин «Ажал менен Ар-Намыс» поэмасындагы Ажал менен Намыстын чатагы, алардын согуш майданына барышы реалдуу турмушта болушу мүмкүн эмес, а бирок автордук максаттарга ылайык алар адабиятта шарттуу ыкмада чагылдырылып жатат. Ч. Айтматов, А. Токомбаев, А. Осмонов, Ж. Бөкөнбаев, М. Алыбаев, С. Эралиев, ж.б. реалдуу шарттуулукту чыгармаларында көп пайдаланышкан.

Шилтеме түзөтүү

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine