Шаршеналиев Жаныбек (1940-ж. т., Талас району, Жаңы-Турмуш айылы — 16.11.2020) — автоматика боюнча инженер, техника илимдеринин доктору (1985), профессор (1987). Кыргызстан Инженерлер академиясынын (ИА) корреспондент мүчөсү (1989), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1990), саясий ишмер (1993-жылдан Республикачыл элдик партиянын төрагасы).
1966-ж Саратов политехника институтун «Автоматика жана телемеханика» адистиги боюнча бүтүргөн.
1966-жылдан СССР ИАнын Космостук изилдөө институтунун өзгөчө конструктордук бюросунда жетектөөчү конструктор.
1971-ж. Москва энергетикалык институтунда аспирантураны бүтүргөн.
1972—82-ж. Бишкек политехника институтунда автоматика жана телемеханика кафедрасынын башчысы.
1982—87-ж. Бүткүл союздук мелиорация системаларын комплекстүү автоматташтыруу илимий изилдөө институтунун директору.
1987—88-ж. Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто окуу жайлар министри.
1988—90-ж. Илимий изилдөө мекемелери менен жогорку окуу жайларынын илимий иштерин координациялоо боюнча Кыргызстан ИАнын президиумунун алдындагы ведомоство аралык советтин төрагасынын орун басары.
1990—93-ж. ИАнын физика-техника математика жана тоо-кен-геология илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы. Ошол эле мезгилде КМУнун «Программалаштыруу жана автоматташтырылган башкаруу системасы» кафедрасынын башчысы, «Информацияны иштеп чыгуунун оптимизациясы жана башкаруу процесстери» лабораториясынын илимий жетекчиси.
1994-жылдан Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын автоматика институтунун директору.
Шаршеналиевдин изилдөөлөрү кибернетика жана автоматика, анын ичинде татаал объектилерди автоматтык башкарууга арналган. 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору.
СССРдин ойлоп табуучусу (1978), СССРдин жогорку билим берүү отличниги (1980). Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты (1985—90). Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.