Шаршенов Ормон (26. 9. 1942-ж. туулган, Сокулук району, Кызыл-Туу кыштагы) - мамлекеттик коомдук ишмер.Подполковник.

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун (1972), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (1997) жана Алматы шаарындагы жогорку саясий окуу жайын (1990) бүтүргөн. Кесиби экономист, укук коргоочу жана саясатчы. Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси. Эмгек жолун 1960-ж. Фрунзеде жумушчу болуп баштаган. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

Андан соң Фрунзедеги жер кыртышы илим изилдөө институтунда топурак таануучу кенже илимий кызматкер, Аламүдүн районундагы «Таш-Мойнок» совхозунда башкы агроном (1975-78), Ысык-Ата райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы (1978-87), Кочкорбаев атындагы колхоздо башкарма, ушул эле райондун аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП БКнын Талас облусу боюнча айыл чарба жана тамакаш бөлүмүндө башчы (1987-88), Кыргызстан КП БКнын Жумгал райондук комитетинин 1-катчысы (1988-90) болуп эмгектенген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, президиум мүчөсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айкындуулук жана басма сөз боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп (1990-95) иштеген.

Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими (1992-94), Чүй облусу боюнча салык полициясынын биринчи башчысы, Кыргыз Республикасынын салык полициясы башкармалыгынын башчысынын жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Агрардык департаментинин башчысы, Чүй, Талас облустары боюнча Юстиция башкармалыгынын башчысы (1999-2001), Чүй облустук Агрардык реформа боюнча борбордун директору (2001-05) болуп иштеген. 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана калыбына келтирүү кызматында статс-катчы болуп эмгектенүүдө. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустук депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык комиссиянын мүчөсү.

«Айыл чарба өндүрүшүнүн отличниги» (2004), «Финансы рыногунун отличниги» (2004), «Эмгек даңкы» орденинин ээси. 1989-ж. Кожомкул балбандын 100 жылдык маарекесин өткөрүүдө демилге көтөрүп, анын башында турган. 1992-ж. Суусамыр өз алдынча район болушуна чоң колдоо көрсөткөн. Кийинки кездери ыр жазуу менен да алектенет.

«Сизге» деген ырлар жыйнагы (2008) жана «Тунук ойлор» аттуу китеби (2010) жарык көргөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9