Шаханов Ахмат Добаевич (21.12. 1936-ж. т., Россия, Ставрополь крайы, Кисловодск шаары) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1995), райондун ардактуу атуулу.

  • Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн (1961).
  • 1961-62-жылдары Шакафтар шаарчасындагы Ош облустук кургак учук оорусун дарылоочу оорукананын врач-ординатору,
  • 1963-69-жылдары жилик-чучук хирургиясы бөлүмүнүн врач ординатору, оорукананын башкы врачынын орун басары,
  • 1969-2006-ж. оорукананын башкы врачы,
  • 2006-жылдан врач-рентгенолог.

Шаханов Ташкент, Ленинград шаарларында квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөн. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлигинин бир нече жолу “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Чаткал, Ала-Бука, райондук кеңештеринин бир нече жолку депутаты.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6