Шахи-Зинда (фарсча – тирүү падыша) – орто кылымга таандык архитектуралык мемориал эстелик. Самаркан төбөлдөрүнүн күмбөз ансамбли. Мындай күмбөздөр XI–XII кылымда Афрасиаб шаарчасынын чыгыш жагында курула баштаган. Азыркы көрүнүшү негизинен XIV–XV кылымдарга туура келет. Мында түстүү оймо-чиймелер менен кооздолгон курулуштар жайгашкан: Кусам ибн Аббас (1334, орнаменттүү дубал жазуулар), Шади-Мульк (1372), Ширинбек-аке (1385), Казы-заде-Руми (1437-ж. чен) жана башкалардын күмбөздөрү, Туман-аке комплекси (XV кылымдын башы жана башка сыйынуу мечити, асемделген жыгач каалгалуу күмбөздөр бар) жана башка

Колдонулган адабияттар түзөтүү