Шаңгы менен тоодон түшмөй

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн тоолуу жерде өткөрүлөт.

Оюнда шаңгылар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бийик жерде бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тоодон шаңгы тебишип түшүшөт. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тоодон жыгылбай, бат шаңгы тебип түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Шаңгы менен тоого чыгуу, шаңгы менен тоодон түшүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, белгиленген жерден башка жерге барып шаңгы тебүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка тарбияланат, тең салмакты сактоого, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү