Шварцман, Юрий Григорьевич

Шварцман, Юрий Григорьевич (1938-ж.т., Киев ш.) – геофизик, геология-минералогия ил. доктору (1992). Киев ун-тин бүткөн (1960). Кыргыз геофизикалык экспедициясынын партияларында геофизик, башкы инженер, экспедициянын башкы инженери, Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын геофизика бөлүмүнүн начальниги, Кыргыз Республикасынын УИАнын Сейсмдик ин-тунун Сейсмикалык тажрыйба-методдук экспедициясынын начальниги болуп иштеген. Практикалык ж-а илимий иштеринин негизги багыты: жалпы ж-а аймактык геология, геофизикалык ыкмалар менен кен издөө, геофизикалык изилдөөлөрдү уюштуруу. 70тей илимий эмгектин ж-а 2 монографиянын автору. Шибков Виктор Сергеевич (1926–1992-ж. Бишкек ш.) – геолог, Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1976). Алишер Навои атн. Өзбек мамлекеттик ун-тин бүткөн (1951). Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын партияларында геолог, улук геолог, башкы геолог, партиянын начальниги (1951–60), Каменский экспедициясынын геол.–өндүрүштүк бөлүмүнүн улук инженери, экспедициянын улук геологу (1960–63), Волков экспедициясынын партияларында улук геолог (1963–66), Кыргыз геол. башкармалыгынын металлдар б-ча геол. өндүрүштүк бөлүмүнүн начальниги (1966–86), Геол.-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясынын партияларында улук геолог, отряддын начальниги (1986–90). «Ардак Белгиси» ордени (1981) ж-а медалдар м-и сыйланган. «Жер казынасынын ардактуу чалгындоочусу» (1985) деген ардактуу наам, калай кендерин ачууга кошкон салымы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү