Шедевр
Шедевр — искусствонун, адабияттын эң мыкты ийгилиги болуп саналган, өтө жогорку деңгээлге жеткире иштелген эң көрүнүктүү чыгарма. Мисалы, Л. Н. Толстойдун «Согуш жана тынчтык», М. Шолоховдун «Тынч Дон» романы, Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы адабияттагы шедеврлерге кирет.
Булак: Ж. Шериев, А. Муратов Кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү