Шеелит - вольфраматтар тобунун минералы, CaW04 (кальцийдин вольфраматы). Курамынын 19,48%ин СаО, 80,52% ин W03 түзөт.

Кошундулары Mn, Sr, Nb, Ta, Cr, F, Cu, айрымдарынын изоморфдук кошундусу Мо04 (молибден шеелитте 24% ке чейин). Агрегаты бүртүкчөлүү. Өңү түссүз, ак, боз, саргыч, күрөң сары же кызгылт сары. Айнектей же майланышкандай жылтырап, тунук же анча тунук эмес. Катуулугу 4,5-5; тыгыздыгы 5,9-6,1 г/см3. Азот жана туз к-таларында эрийт. Скарн, гидротермден пайда болот. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кум-Бел, Кашка-Суу-1 шеелит кендеринен вольфрам кенташтарын өнөр жайлык казып алуу жана андан концентрат алуу иштери жүргүзүлгөн. АКШда 1943-ж. синтетикалык Шеелит алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4