Шейлин Дианн Вудли (англ. Shailene Woodley; 1991-жылы, 15-ноябрда туулган) - америкалык актриса жана активист. Шейлин Калифорниядагы, Сан-Бернардино аймагында төрөлүп, Сими өрөөнүндө чоңойгон. Ал Энтони Мейндлдан актердук чеберчилик боюнча сабак алып, "Атаны алмаштыруу" (анг. Replacing Dad) тасмасында дебюттук ролун аткарган. "Үй деп аталган жер" (анг. A Place Called Home) тасмасында баш каарман Калифорния Форддун ролу жана "Фелисити: Америкалык кыздын жоруктары" (анг. Felicity: An American Girl Adventure) тасмасында Фелисити Мерримандын ролдору үчүн "Young Artist Award " сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал эми ABC телеканалындагы "Америкалык өспүрүмдүн сырдуу жашоосу" (анг. The Secret Life of the American Teenager) деп аталган үйбүлөөлүк сериалда Эми Ювергенстин ролун аткаргандыгы үчүн элге тааныла баштаган.

Шейлин Вудли (2014)

Андан соң, Вудли ар кандай популярдуу жана жакшы сын-пикирлерге арзыган тасмаларга тарылуу менен кино жылдызга айланган. Алардын арасында "Урпактар" (анг. The Descendants) тасмасындагы ролу үчүн "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса-тасма категориясы" наамына көрсөтүлгөн, жана "Independent Spirit Award" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамын жеңип, "Cannes Trophée Chopard" сыйлыгына ээ болгон. "Таасирдүү убакыт" (The Spectacular Now) тасмасына "Санденс Кинофестивалынын" жюрилеринин атайын "Таасирдүү аткаруу" деген сыйлыгын жеңип алган. Ал эми "Күнөө биздин жылдыздарда" (анг. The Fault in Our Stars) тасмасы үчүн да жагымдуу мактоолорго арзыган. Вудли "Дивергент" (анг. The Divergent) чыгарылыштарындагы ролу менен дүйнөлүк атактуулукка ээ болгон. Буга кошумчалай ал "Сноуден" (анг. Snowden) тасмасында тартылап, андан соң HBO телеканалындагы "Чоң бирок кичинекей жалган" (анг. Big Little Lies) кыска сериялуу сериалда жалгыз бой эненин ролун аткаргандыгы үчүн жагымдуу сын-пикирлерге ээ болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү