Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү

Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү (آرامگاه شیخ صفوی الدین اردبیلی) түзөтүү

Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү Ирандын түндүк батыш тарабындагы Ардабил шаарынын байыркы тарыхый курулушу болуп саналат. Бул тарыхый курулуш ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган.

Файл:Шейх Сефи ад Дин Ардабилинин күмбөзү
https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A2%D8%B1%D8%A7%D9%85%DA%AF%D8%A7%D9%87_%D8%B4%DB%8C%D8%AE_%D8%B5%D9%81%DB%8C%E2%80%8C%D8%A7%D9%84%D8%AF%DB%8C%D9%86_%D8%A7%D8%B1%D8%AF%D8%A8%DB%8C%D9%84%DB%8C#/media/File:Photo0143_copy.jpg

Жогорку аймакта Шейх Сефи ад Дин Ардабилинин мүрзөсүнөн бөлөк, шах Исмаил I (Сефевиддердин алгачкы падышасы), Исмаилдин жубайынын (шах Тахмасптын энеси) жана башка Сефевид доорундагы шейхтердин мүрзөлөрү, Чалдаран согушундагы каза тапкан аскерлердин кабыры орун алган. Бул тарыхый комплекстин башка бөлүгүндө фарфоркана, мечит, кечилкана, шейит үйү жана чырак үйү жайгашкан.

Шейх Сефи ад Дин Ардабили эстелиги түзөтүү

Шейх Сефи үйү жана кечилкана Ардабил шаарында жайгашып, шейхтин осуятына ылайык, анын сөөгү бакчадагы суу топтогуч бөлмө көмүлгөн, Шейх Сефи жана Исмаилдин күмбөзүнөн башка, ал жерде Сефевид шах тукумундагы адамдардын жана алардын балдарынын сөөгүн көмүш үчүн атайын курулуш салынган. Бивак Жамеинин (2001-жыл) жазуусу боюнча, аталган эстелик комплексин 1334-жылы Шейх Сефи ад Диндин баласы Садр ад Дин Муса курган. Сефевиддердин башкаруу доорунун башталышы менен Сефевид шахтары өзүнүн ата тегинин урматына комплекске жаңы курулуштарды салышкан. Өзгөчө шах Аббастын доорунда, Шейх Сефи ад Динге болгон урматын тастыктап анын кабырына көп ирет зыярат кылган, анын башкаруусу алдында тарыхый калдыктарды толуктоо жана оңдоо иштери аткарылган. Сефевид доорунда, шейх эстелиги доордун залкар усталарынын кол алдында кооздолуп жасалгаланып, андан бери канча кылым өтсө дагы Ирандын бирден бир тарыхый жана маданий сыймыгы болуп сакталып келет. Комплекстин уникалдуулугу болуп андагы ондогон ар кандай темадагы өнөр иштери, анын ичинде жогорку деңгээлдеги мозаика иши, кооз жазууларды жана Сефевид доорунун атактуу каллиграфтарынын (Мир Амад, Мир Кавам ад Дин, Мухаммад Исмаил ж.б.) эмгектерин, күмүш иши, алтын жалатуу, сүрөттөр жана башка иштери саналат. Ирандын тарыхый айырмачылыгы болуп, тарыхый комплекстин архитектуралык өзгөчөлүгү жана көркөм өнөр үлгүлөрүнүн топтому эсептелет. Кажар доорунда Иран жана Орусия согушунда, Ардабил жеңилип, Шейх Сефи ад Дин Ардабили кол жазма китепканасынын Орустар аркылуу тонолгон. Азыркы учурда китепканадагы кол жазмалар Орусиядагы Санкт Петербург шаарынын музейинде сакталган.

Эстеликтин учурдагы абалы түзөтүү

Шейх Сефи ад Дин эстелигинин негизги кире бериши жана чатыры 1943-жылга чейин азыркы Аликапу аянтынын түндүк тарабында орун алган, курулуштун экинчи кире бериши, Археологиялык башкармалыктын буйругу менен алынып салынган, ал эми мозаика иштери, андагы тарыхый коркөм буюмдар сакталган бөлмөдө сакталып турат. Аталган кире бериш тарабы шах Аббастын доорунда эстелик үчүн курулган жана сүрөтчү Исмаил Ардабилинин көзөмөлүндө салынып бүткөн. Азыркы учурда ал тарыхый курулуштун эч бир бөлүгү сакталып калган эмес. Учурда Аликапу аянтына чыгыш тарабы менен кирсек тик бурчтуу ички короону байкоого болот. Анын айланасы кыш дубалдар менен тосулган. Короонун чыгыш тарабында үстү ачык эшик курулган. Анын алдынан курулуштун негизги тарабына жол өтөт. Аталган жол курулуштун ичиндеги баардык бөлүктөрү менен бириккен. Аталган жолдун каптал дубалдарына чатыр коюлган, бирок убакыттын өтүшү менен чатыры бузулуп калган, бирок азыркы учурда калыбына келтирүү иштери аткарылып жатат. Андан сырткары тарыхый курулуштун тик бурч түрүндө салынган негизги короосу бар, анын ортосунда кичинекей көлмө орун алган. Байыркы заманда ал жерде колго казылган булак даярдалып, даарат алуу үчүн чакага аркан байланып булактан суу алынган. Булак азыркы учурда таш топурак менен көмүлүп калган. Шейх Сефи эстелигинин эң бир баалу буюмдарынын бири болуп Лондон шаарынын Виктория жана Альберт музейинде сакталып турган килем болуп саналат.

Жанет Сара мечити түзөтүү

Бул тарыхый комплекстин кире бериш тарабынын сол жагында Жанет сара мечити орун алган. Жанет Сара мечити сегиз тараптуу мейкиндикте даярдалган. Жанет Сара мечитинин курулушунун негизги максаты, болжол менен Суфий мааракелерин жана мистикалык жыйындарды өткөрүү үчүн салынган. Байыркы заманда Жанет Сара мечитинин күмбөзүнүн чатыры бар болгон, бирок Кажар доорунда урап калгандыктан, жыгач жана жалпак чатыр курулуп 16 тилке устунга орнотулган. Мечитке кире бергенде эле, короону көрүүгө болот, короонун каршы тарабында фарфор менен чапталган терезе орнотулган.

Чырак үйү түзөтүү

Бул бөлүк чындыгында курулуштун негизги жагы, тактап айтканда кире бериш курулушунун карама каршы тарабында эки кабаттан турат. Чырак үйүнүн жогорку кабатында беш жыгач терезе жана беш терезе алдынкы кабатында өзгөчө бир кооздукту тартуулап турат.

Фарфоркана түзөтүү

Фарфоркана чырак үйүнүн жана негизги кире бериштин чыгыш тарабында орун алган. Чыныкана имаратынын дубалдары жана анын чатырынын алды тарабы өтө кооз мозаикалар менен кооздолуп, үстүнө сүрөт тартылып алтын жалатылган. Түстөрдүн ар түрдүү гүлдөр жана сүрөттөр менен болгон гармониясы жана шайкештиги кандайдыр бир керемет, көз жоосун алган кооздукту жараткан. Бул жер Сефевиддердин доорунда алтын, күмүш жана Аббас шахтын Кытайдан буйрутулган идиштерин сактоочу бөлмө болгон.

Башпаанек үйү түзөтүү

Шейх Сефи ад Дин Ардабилинин мүрзөсү Сефевиддер доорунда ыйык жерлердин бири болуп саналган жана башкалкалоо жери болгон. Шах тарабынан дарга асуу өкүмү чыгарылса да, эгерде ал аталган жерге келип баш калкаласа, ага эч ким кол тийгизип туткунга алууга укугу жок болгон. Мисал катары Султан Хусейнхан Шамлу өз жанын Исмаил Калыбек Шамлудан сактап калуу үчүн күмбөзгө баш паанек издеп келген.

Китепкана түзөтүү

1827-жылы Түркмөн чай тынчтык келишимдин алкагында шейх Сефи ад Дин Ардабили китепканасындагы кол жазмалардын баарысы Орусиядан тийген зыяндын ордун толтуруу акысынын бир бөлүгү катары алынган.

Шейх Сефи ад Дин эстелик комплексиндеги башка бөлүктөр түзөтүү

Бивак Жаминин (2001-жыл) “Сарих ул Малик” китебине ылайык шейх Сефи ад Дин Ардабили эстелиги төмөндөгү бөлүктөрдөн турат:

  • Храм жана Дор ул Хафаз
  • Шах тукумундагылардын күмбөздөрү, Дор ул Хафаздын чыгыш тарабы
  • Дар ул Хадистин бет маңдайындагы Чоң балкон, шах Исмаилдин дооруна таандык тарыхый эстеликтер, ал эми чыгыш жана батыш тарабында Сефевид шейхтеринин жана тукумдарынын мүрзөлөрү жайгашкан
  • Жаңы жана Эски Челеканалар
  • Шах Исмаилдин аялынын күмбөзү (шах Тахмасптын энеси)
  • Дар ул Хадис балконуна барабар сарай
  • Дар ул Хадис күмбөзүнүн чыгыш тарабындагы шейиттер талаасы
  • Шейх Садр ад Дин Мусанын орду
  • Кырктан ашуун чатыр
  • Сефевид үй бүлөөсүнүн эмирлеринин жана башчыларынын мазарлары
  • Ашкана же навайкана
  • Ашкана, казанкана жана аларга таандык чатырлар
  • Шейх Сефи ад Диндин мазарынын бет маңдайындагы Суфи шейхтеринин күмбөздөрү
  • Булактын жанындагы Шербеткана, халва жана таттууларды бышырчу жай
  • Эки кабаттуу бөлмөлөрү бар кампа
  • Иш бөлмөлөр, шербеткана менен кампанын ортосундагы бөлүк
  • Наккаркана, анын арткы бөлүгүндө мончо орун алган
  • Отункана
  • Тышкы короо, бет алдында көчөлөр жана дүкөнчөлөр орун алган
  • Китепкана

Булактар түзөтүү

  • ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган Ардабил аймагындагы Шейх Сефи ад Дин жыйыны жана Табриз тарыхый базары
  • World Heritage List
  • Ислам доорундагы кол өнөрчүлүк жана архитектура, Мухаммад Юсуф Киани, Тегеран
  • Шейх Сефи ад Дин эстелиги
  • Москва жана Тегеранда жаңырган Орусияга өлүм ураанына көз караш, БибиСи
  • Ислам доорундагы кол өнөрчүлүк жана архитектура, Тегеран, 2011
  • Насрулла Фалсафи, Аббас Iөмүр таржымалы. Фарид Муради, Тегеран
  • Тревер Сафир. Грибаедовдун Тегеранда өлгөн окуясы эмне болду? БиБиСи

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A2%D8%B1%D8%A7%D9%85%DA%AF%D8%A7%D9%87_%D8%B4%DB%8C%D8%AE_%D8%B5%D9%81%DB%8C%E2%80%8C%D8%A7%D9%84%D8%AF%DB%8C%D9%86_%D8%A7%D8%B1%D8%AF%D8%A8%DB%8C%D9%84%DB%8C

тарых, маданият