Шельф, материктик тайыздык - материктердин суу астындагы акырындап эңкейиштеген уландысы, ал геологиялык түзүлүшү боюнча жээк кургактыгына окшош.

Шельфтин чектери деңиздин же океандын жээги жана капталдын үстүңкү кыры. Тереңдиги. 100-200 м, кээде 500-1500 мтге (Охота деңизи) чейин. Кургактыктын жээктери менен Шельфтин геоморфологиялык өзгөчөлүктөрү бирдей болуп, ар кандай байыркы рельефтин формаларынын. чөкмөлөрдүн, жээк сызыктарынын суу алдында сакталыч калышы Шельфтин Дүйнөлүк океандын деңгээлинен көтөрүлгөндө материктин бир бөлүгүнүн суу алдында калышынан пайда болгондугун аныктайт.

Шельфтин жадны аянты 32 млн км2. Евразиянын түндүгүндө, Беринг, Түштүк Кытай деннздерпнде жана Гудзон булуцунун жээктеринде Шельфтин эң кеңири аянттары жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.