Шенген макулдашуусу - Европа союзуна кирген бир катар өлкөлөрдүн ортосунда паспорттук бажы контролун жоюу жөнүндөгү макулдашуу.

1995-ж. 26-мартта күчүнө кирген. Келишимге Люксембургдун Шенген шаарында кол коюлуп, 2007-ж. Ш. м-на 30 өлкө кол коюп, иш жүзүндө ага 24 өлкө кирген: Австрия, Бельгия, Венгрия, Грекия, Дания, Германия, Исландия, Испания, Италия, Латвия, Литва, Люксембург, Нидарланд, Норвегия, Мальта, Польша, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Чехия, Щвеция, жана Эстония. Ушул өлкөлөр биригип Шенген зонасын түзөт. Бир катар елкөлөр Шенген макулдашуусуна формалдуу түрдө кирсе да, алар ушуга чейин чек ара контролун жоё элек, ошондуктан алар Шенген зонасынан сырткары турат. Шенген зонасына кирген өлкөлөрдүн Норвегия менен Исландиядан башкасы Европа союзуна мүчө.

Сот иши, Улуу Британия Шенген келишимине 2000-жылдын 29-майында өз атынан гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдүн - Гибралтардагы жана башка арал мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу өкүлү катары кол койгон.[1]

Кошумча маалыматтар түзөтүү

  1. Шенгенди алуунун укуктук өзгөчөлүктөрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4