Шенников отостегиясы (лат. Otostegia schennikovii, V. Scharaschova 1958) - Муунактанган жана төмөнкү бутактары ийри муйру бозомук, муун аралыгы кыска, жылдык өркүндөрү булаланган (түктүү), узундугу 6-10 см келип, бир кылка жайгашкан. Жалбырактарынын узундугу 2-4 см, туурасы 0,8-1,6 см, тушташ жайгашкан, калың, жумурткадай, учсуз, кыска түктүү, кыска жалбырак саптуу же жалбырак сапсыз. Гүлү көп санда бир жылдык өркүнүнүн учунда бир кылка жайгашкан. Гүл жан жалбыракчалары үч, шибегедей-ланцеттүү, булалуу. Чөйчөкчөсү гүл коргонунан узунураак, коңгуроодой 10 тарамыштуу, жука түкчөлүү түтүктүү жана ири, жазы, эки эриндүү бүгүлгөн; жогорку эрининин чөйчөкчөсү жазы, жумуру келип, көрүнүктүү ортоңку жана эки четки тарамыштары бар; төмөнкү эрини 4-5 тарамыштуу. Гүл коргону күңүрт сары-кызгылт, жогорку эрини бүтүн кырдуу, сыртынан жыш булалуу, төмөнкүсү – үч айчыктуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргызстанда: Акшыйрак кырка тоосунун түштүк бети (Карагат сайы); Молдотоо кырка тоосунун түштүк-батыш бөлүгү, Чаткал кырка тоосу (Шакаптар кыштагынын чет жакалары).

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоолордун түштүк беттериндеги ала түстүү топурак катмарлар.

Саны түзөтүү

Өтө аз.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарды малга үнөмсүз пайдаланып, оордук келтирүү.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген. Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ботаникалык заказник уюштуруп, Кыргыз Республикасынын УИАнын Ботаникалык багында атайлап өстүрүп, сынап көрүү керек.

Статусу түзөтүү

VU. Өтө сейрек кездешкен эндем түр, Кыргызстан үчүн үзгүлтүктүү (дизүюктивдүү) таралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү