Шергазиев Уранбек Адиевич

Шергазиев Уранбек Адиевич  (1962) – айыл-чарба илимдеринин кандидаты, доцент, К.И.Скрябин атындагы   Кыргыз Улуттук агрардык университетинин  административдик чарба иштери боюнча проректору.

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Шергазиев Уранбек 1962-жылы Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылында   туулган.  Улуту - кыргыз.   

  • 1977-жылы  Ак-Талаа айылындагы сегиз жылдык  мектепти аяктаган.
  • 1977-1981жж. Ысык-Көлдөгү айыл чарба техникумунда окуп, бүтүргөн.
  • 1982-1989жж. Белгород айыл чарба институтун бүтүргөн (РФ)
  • 1983-85жж.  Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
  • 1989-1990жж. Нарын мамлекеттик айыл-чарба тажрыйба станциясынын илимий кызматкери.
  • 1990-1993жж. Кыргыз мал чарба жана жайыттар боюнча илимий изилдөө институту - аспирант, кенже илимий кызматкер.
  • 1993-1999жж. Республикалык малдарды асылдандыруу мекемеси (ГАО “Элита”) – бөлүм башчысы, башкы зоотехник, директордун оорун басары.
  • 1999-2001жж. ГАО “Элита” - төрага
  • 2001-2005жж. КР Президентинин мамлекеттик резиденциясы – директордун оорун басары, башкы директор.
  • 2005-2006жж. “Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик табигый паркы – директор.
  • 2007-2008жж. А.Дуйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий изилдөө институту – ага илимий кызматкер.
  • 2008-2009жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгы – бөлүм башчынын оорун басары.
  • 2009ж. Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика жана инфраструктураларды өнүктүрүү боюнча проректору
  • 2008ж. Айыл чарба илимдеринин кандидаты болгон. Темасы: “Селекционно – генетические основы получения коров-рекордисток и качество их потомства”
  • 2012ж. Доцент наамын алган.
  • 2009-жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  административдик чарба иштери боюнча проректору.
  • 2018-ж Айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу болгон. Темасы " Научное обоснование и совершенствование метода прогнозирования генетической ценности быков молочных пород"

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат түзөтүү

Үй-бүлөлүү, эки балалуу (бир кыз, бир уулу бар). Жубайы – Мамашова Айнура - врач

Негизги илимий–методикалык эмгектери түзөтүү

  1. 60дан ашык илимий жана окутуу усулдарынын автору
  2. Научные основы прогнозирования племенной ценности быков монография- Б: Кут бер, 2015. – 214б
  3. Ранняя оценка генопита быков молочных пород – Б: Кут бер 2013. - 211 б 4. Каталог быков производителей молочного типа бурого скота в Кыргызстане выпуск III – Б: Кут бер 2010. – 95б

Сыйлыктары. түзөтүү

  • 2006ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын грамотасы
  • 2008ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Ардак грамотасы
  • 2010ж. Айыл чарбасынын отличниги
  • 2011ж. Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ардак грамотасы
  • 2012ж. Билим берүүнүн отличниги