Шергазы - (18-кылымдын аягында жашаган) – Атаке баатырдын Россияга жиберген элчилеринин бири. 1785–89-ж. Россия империясынын борбору Санкт-Петербургга Атаке баатыр Тынай бий уулунун (сарыбагыш) жиберген биринчи кыргыз элчилигинин жетекчиси Абдрахман Алкучаков м-н бирге 1786-ж. 15-мартта Россиянын императору Екатерина IIнин салтанаттуу кабылдоосунда болгон. Тарыхый документтерде ар кандай маалыматтар жолугат: алсак, Атаке өз каттарында: «Абдырахман менен Шергазыны» жибердим десе, Россиянын борборундагы документтерде аны «Уразбай» деп аташат. Азырынча бул суроону тастыктоого жетишерлик маалымат болбогондуктан, Уразбай Шергазынын атасынын аты болуш керек деп да болжолдошот.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 434-б. ISBN 5-89750-150-5