Шериев Жээналы (1934, Карасуу району – 2002) – адабиятчы. Ош пединститунун филология факультетин бүтүргөн. “Азыркы кыргыз поэзиясынын маселелери” деген темада диссертациясын (1973) коргогон. Ал адабияттын тарыхын жана сын багытындагы эмгектери; жогорку окуу жайларынын-студенттери, мектеп окуучулары жана кыргыз адабияты мугалимдери үчүн атайын окуу процессине ылайыктап жазган китептери; Түштүк Кыргызстандын тил, адабият мугалимдерин даярдап чыгаруудагы эмгеги менен белгилүү. Анын иликтөө обьектиси байыркы жана орто кылымдардагы адабий мурастар; улуттук адабият тарыхы; азыркы адабият; адабияттын теориясы; адабияттаануу сөздүгү; кыргыз адабиятын окутуу проблемалары. Китептери улам толуктоолор менен үч ирет 1987–1994, 2003-жылдары басылып чыккан. Адабияттаануу багытындагы бул иштеринин уландысы анын ”Адабият таанууга киришүү” деген окуу программасында (11) жана “Адабият тааныткыч” деген окуу куралында (12) андан ары улантылган. Мындагы башкы өзгөчөлүк орус адабият таануусу менен кыргыз адабият илиминин жетишкендиктерин , студенттер үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен бул илимдин кыргызча концепцияларын, принциптерин, методологиясын иштеп чыккандык эле. Адабиятчы аалым жана атуул катары чыгармачылык изденүүлөрү анын “Байыркы орток түрк адабияты” деген хрестоматияда жана “Байыркы жана орто кылымдагы түрк адабияты” деген окуу куралында чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004